Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев: Наам алуу мен үчүн күтүүсүз болду

Кыска кабар | 2 Сен 2022 | 212 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Кыргызстандын баатыры» наамын алуу ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди.

Ал бул тууралуу 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Садыр Нургожоевич көп жыл өтсө да биздин эмгекти баалап наам бергенине ыраазычылык билдирем. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги багыты мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу. Мен ойлойм, биздин кызматкерлер өзүнүн жумуштарын так аткарып жатат жана мындан ары да аткара берет» , — деди Камчыбек Ташиев.

«Ташиевдин мамлекет үчүн жасаган эмгектери сыр боюнча сакталат»

1-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Расмий маалыматта Камчыбек Ташиевге бул наам жана «Ак Шумкар» ордени Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилгени айтылган.

Кыргыз Республикасынын Баатыры — мамлекеттик эң жогорку наам. Ал 1996-жылы 16-апрелде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ага ылайык наам ыйгаруу жобосу иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM