Биз менен байланышыңыз

Эртең Орусияда каза болгон жарандардын сөөгү Ошко алып келинет (видео)

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 1090 | 0

Бүгүн, 22-августта Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү эртең, 23-августта Ош шаарына учак менен алып келине тургандыгын билдиди.

Анын айтымында, учурда кырсыктан каза тапкан жарандардын сөөгү Орусиянын Ульяновск шаарына алып келинген.  Эртең борт Ульяновск шаарындагы эл аралык аэропорттон түшкү саат 13:00дө Ош шаарын көздөй багыт алып, үч саатык жол жүрүп, жергиликтүү саат боюнча саат 18:00 чамасында Ош аэропортуна конот.

Ажикеев кошумчалагандай, бортту Ош шаарынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тосуп алып, маркумдардын сөөгүн үйлөрүнө жеткирет.

Кечээ, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда. Алардын абалдары оор деп бааланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM