Таласта изделип жаткан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан мурда Таласта телефону суунун жээгинен табылган өспүрүм изделип жатканы маалымдалган.
Кечээ, 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 15 жаштагы М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону токойдон өткөн Талас суусунун жээгинде табылган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 19 куткаруучу, ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылып, натыйжасында өспүрүм кыздын сөөгү табылган.