Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы жол кырсыгы боюнча элчилик видео кайрылуу таратты

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 977 | 0

Кечээ, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгына байланыштуу элчилик видео кайрылуу таратты.

Видео кайрылууга ылайык, бүгүн, 22-августта Ульяновск облусунун губернатору жол кырсыгына байланыштуу атайын жолугушуу уюштурган. Кырсык болгон жерде элчиликтин кызматкерлери Орусиянын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын  ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалдары жакшырып бара жатканы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM