Биз менен байланышыңыз

Жоокердин өлүмү боюнча кармалган кароол жетекчиси эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 669 | 0

Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы Аскер институтунда кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон жоокердин өлүмү боюнча кармалган кароол жетекчиси А.К. эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Эске салсак, 19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон.

Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган. Коргоо министрлиги Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген.

Бул факты боюнча кароол жетекчиси А.К. кармалган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси жана (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) 394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM