Биз менен байланышыңыз

УКМК: Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн 822 миллион сом табылды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 2026 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  «Үмүт жана Ко» компаниясынын тең ээси, ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ири суммадагы акча каражаттарынын табылгандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган.

Акчалар түрдүү валютада сакталган:

  •  7,354,475 АКШ доллары;
  • 209,164,100 сом;
  • 100,960 евро
  • 1,055,900 рубль;
  • 155 дирхам.

Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар болгон.

Ошол эле учурда «Үмүт жана Ко» компаниясынын салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы болгондугу аныкталган.

Мындан сырткары УКМК тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт жана Ко» ири сүт азыктарын өндүрүүчү компаниянын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилеген.

Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 19-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн «Үмүт жана Ко» жоопкерчилиги чектелген ишкананын тең ээси, 1970-жылы туулган Журат Абдуллаев камалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде иш козголгон.

20-августта ишкер Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, аны 19-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча чечим чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM