Биз менен байланышыңыз

Президент 23-августту аза күтүү күнү деп жарыялады

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 931 | 0

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда, жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көнүл айтып, аларга жардам бериле тургандыгын билдирди.

«Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам.

Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Ыйык Кураныбызда «Аллахым сабырдууларды сүйөт» деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим! Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот» , — деп айтылат президенттин кайрылуусунда .

Ошондой эле президент бул кырсыкты жалпы элдин кайгысы катары кабыл алуу менен эртең, 23-августту жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялагандыгын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM