Биз менен байланышыңыз

Ишкер Журат Абдуллаев эки айга камалды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 136 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Үмүт жана Ко» компаниясынын тең ээси, ишкер Журат Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу аталаган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-августта ишкер Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, аны 19-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо боюнча чечим чыккан.

Эскерте кетсек, 19-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн «Үмүт жана Ко» жоопкерчилиги чектелген ишкананын тең ээси, 1970-жылы туулган Журат Абдуллаев камалган.

Тинтүү ишинин жүрүшүндө иш бөлмөсүнөн жана жана жашаган жеринен брондолгон чалгындоо жана күзөт унасы, түрдүү курал-жарак, көп сандаган ок-дары, жардыруучу зат жана акча каражаттары табылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM