Биз менен байланышыңыз

Бир жумада коронавирустун жаңы 339 учуру катталды

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 163 | 0

Кыргызстанда 15-августтан 22-августка чейин коронавирустун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 297 бейтап үй шартында дарыланса, 42 адам ооруканага жактырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан коронавирустун 20 миң 789 учуру катталган, анын ичинде 18 миң 789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 (9,7%) учур клиникалык-эпидемиологиялык түрдө тастыкталган.

Белгилей кетсек, тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл зонада турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM