Биз менен байланышыңыз

Караколдо тергөө абагында отургандарга китеп чогултуу акциясы өттү

Кыска кабар | 22 Авг 2022 | 234 | 0

Жаза аткаруу кызматынын Каракол шаарындагы №23- мекемесинин тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер бөлүмүнүн кызматкерлери USAIDдин Укук булагы долбоорунун катышуучулары менен биргеликте, тергөө абагында отурган адамдарга китеп чогултуу акциясын өткөрүштү.

Маалыматка караганда, мекеменин китепканасы совет доорунда басылып чыккан адабияттардан тургандыктан, камактагылардын кызыгуусн жараткан эмес.

Буга байланыштуу эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте акция ишке ашырылган. Жыйынтыгында активисттер популярдуу детективдик аңгемелерден тарта өзүн-өзү өнүктүрүүгө арналган адабияттарга чейин ар кандай жанрдагы 300гө жакын китептерди жана журналдарды чогултушкан.

Жаза аткаруу кызматы белгилегендей, китеп окуу абакта убакытты өткөрүүнүн эң жакшы варианттарынын бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM