Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды

Кыска кабар | 20 Авг 2022 | 3906 | 0

Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Фейсбук баракчасына жарыялады.

Дайындоо боюнча буйрукка саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

«Бүгүн Чолпон-Атада, «Алтын Балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун жамаатына жетекчисинин өзгөргөнүнө байланыштуу чогулуш өткөрдүк. Тилек Маткеримова баш болгон «Алтын балалык» жамаатына терең ыраазычылык билдирем.  Ушуну менен 9-каттам, жалпысынан 2 миң балдардын ден соолугун чыңдап, реабилитациядан өткөргөнгө жетишишти! Рахмат, сиздерге», — деп жазган ал.

19-августта Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

«Алтын балалык» борбору расмий түрдө ушул жылдын 1-июнунда ачылган. Президент Садыр Жапаров менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында министрликтин балансында турган курорттордун биринин аймагына салынып жаткан президенттик мектептин курулушу менен таанышкан. Арадан үч саат өтпөй, 18:00 чамасында Башкы прокуратура менен «Альфа» террорго каршы тобунун кызматкерлери министрди иш бөлмөсүнөн кармап кетишкени жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM