Биз менен байланышыңыз

Иманкулов ШКУнун коопсуздукту камсыздоо боюнча жыйынына катышууда

Кыска кабар | 19 Авг 2022 | 156 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышууда.

Ошону менен бирге Марат Иманкулов Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстандын Президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Жадамын Энхбаяр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө глобалдык жана регионалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Мындан тышкары ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM