Биз менен байланышыңыз

«Балыкчы-Кочкор» темир жолу: Быйыл сегиз чакырымы курулат (видео)

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 275 | 0

Быйыл «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун 5 чакырымын куруу мерчемделген болсо, учурда анын 70 %ы бүткөрүлдү. Ишкана жылдын аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары дагы 3 чакырым темир жол курууну пландап жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда эң орчунду болгон тилке Боз-Бармак тоосун ортосунан тешип, каздыруу иштери жүрүп жатат. Болжол менен узундугу 600 метр, тереңдиги 16-17 метр, ал эми үстүнкү катмарынын жээктери 70 метрди түзөт.

Каздыруу иштеринин жүрүшүндө биздин заманга чейинки III кылымга таандык коргондар табылып, археологиялык изилдөө иштери жүрүүдө.

Бүткөрүлгөн жана ушул жылга пландалган жумуштар «Кыргыз Темир жолу»  мамлекеттик ишканасынын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда. Учурда жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган.

Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Эске салсак, 31-мартта «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий түрдө башталган. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууну максат кылган. Мындан сырткары жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды байланыш менен камсыздоо маселелерин чечери күтүлүүдө. Долбоор кошумча инвестиция тартылбастан, мамлекеттик каражаттын эсебинен ишке ашырылып жатат.

Кыргызстандын темир жол салуу кадамы — өнүгүүгө болгон аракет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM