Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын темир жол салуу кадамы — өнүгүүгө болгон аракет

Саясат , Экономика | 1 Апр 2022 | 893 | 0

31-мартта «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушу расмий түрдө башталды. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече кенинен көмүр ташууга эң арзан жолду түзүү максатында экономикалык мааниге ээ. Мындан сырткары жаңы темир жолдун курулушу өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү, экономиканы көтөрүү, аймактарды байланыш менен камсыздоо маселелерин чечери күтүлүүдө. Долбоор кошумча инвестиция тартылбастан, мамлекеттик каражаттын эсебинен ишке ашырылып жатат. Кыргызстан жеке каражатына темир жол курууга кудурети жетеби, келечеги кандай болот? Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Кыргызстан биринчи жолу өз күчү менен темир жол сала баштады. 2030-жылга чейин толук бүткөрүлүшү пландалып жаткан «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзөт. Алгачкы этабында узундугу 63 километр болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолу салынат.

«Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушунун башталышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендик алгандан бери темир жол сала элегин белгилеп, баштаган ишти аягына чыгарууга сөз берди.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулуш долбоору боюнча иштерди жүргүзүп жаткан маалы. Аталган долбоор биринчи кезекте Бишкек шаарынын калкын жана Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жол болуп саналат. Жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышы менен камсыз кылууну арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдетти чечүүгө жол ачылат». 

Темир жол, авиакаттам жана кан жолдун жакшырышы — калктын жашоосун жеңилдетүүгө болгон аракет. Оппозициячыл делген «Ак калпак» саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев темир жол салууну Кыргызстан эгемендик алгандан берки көзгө көрүнгөн негизги туура саясат катары баалады.

Анын пикиринде, президент муну менен чечкиндүү кадамга барды.

«Темир жолду куруп баштаганы — Кыргызстан эгемендик алгандан берки биринчи туура саясат деп ойлойм. Бул — айсбердин көрүнүп турган гана бөлүгү. Ал эми анын кантип, кайсы акчага салына турганы — башка маселе. «Мындай чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыруу менен бүгүн аз-аздан тамак жеп жатсак, эртең көбүрөөк, сапаттуураак тамак жейбиз» деген идеологияны элге айтуу керек. Курулушу бүтпөй калып кеткен күндө да кийинки президенттер муну улантышы керек болот. Себеби бир долбоорду, идеяны баштоо кыйын. Калганы, канча убакта бүтө турганы — башка маселе. Азыркы экономикалык кырдаалга байланыштуу бүтпөй да калышы мүмкүн. Бирок башталганы эң жакшы, башталсын».

Кыргызстанда ички багытта темир жолдун ролу төмөн, темир жол менен 2% гана жүк ташылат. Темир жол аркылуу Орусия, Кытай жана Казакстандан Кыргызстанга экономикалык баалуу жүктөр келет. «Кара-Балта — Бишкек — Токмок» темир жолу жүргүнчү гана ташыйт. Мындан сырткары Кара-Кече кенинен көмүрдү Балыкчыга чейин алып келип, андан кийин вагондорго жүктөп, темир жол аркылуу Бишкекке алып келет. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече кенинен көмүр ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу экономикалык чоң мааниге ээ экени айтылууда. Муну менен жүк ташуунун баасы кескин төмөндөйт. Шаар тургундары арзан баада электр энергиясын жана жылуулукту колдонууга шарт түзүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов темир жолун өнүктүрүү Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң пайда алып келе турганын белгиледи.

«Эгерде темир жол курулуп, аягына чыга турган болсок, Кыргызстан болуп көрбөгөндөй экономикалык жетишкендиктерге жетет элек. Бул өлкө экономикасына өтө көп пайда алып келет. Негизи жумуштун башталганы жакшы, курулушу баштагандан кийин сөзсүз түрдө аягына чыгат. Темир жол менен көп мүмкүнчүлүк жаралып, арзан жана жеңил болот. Бизде азыр жүктү машина менен ташуу кыйын болуп жатпайбы. мына ошонун баарына жакшы шарт түзүлөт эле да. Жакшы ниет кылып башталган нерсе бүтөт, бул өтө жакшы нерсе болуп турат».

Ал эми жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев экономикалык көз караштан алганда абдан жакшы долбоор болгону менен каржылык жактан, экологиялык жактан чоң суроолорду пайда кылат деп эсептейт.

«Орусия менен Украинанын ортосундагы кагылыш дүйнө жүзүндө чоң кагылыштарды кошо баштабадыбы. Экономикалык коркунуч катуу болуп жатат. Ошолор бизге кандай таасир этет, аны да эске алышыбыз керек. Экономикалык абал өзгөрүп кетиши ыктымал. Ошондуктан бизди эч ким кубалабайт, кредиттин мөөнөтү келбейт, шашпай курсак деле болот. Дагы бир нерсеси бар. Дүйнөдө «жашыл экономикага өтөбүз» деген чакырыктар болуп жатат. Анан биз көмүрдү күргүштөтө ташып келип, ЖЭБге күпүлдөтө жагып, электр энергия чыгарсак, Бишкектин абасы эмне болор экен? Ансыз да Бишкек абанын булгануусу боюнча дүйнөдө биринчиликти алып келди го?.. Экологияны сактоо үчүн электромобиль айдап, бирок көмүр жага берсек, ошол туура болобу?».

Темир жол курулса, экономикалык, транспорттук, транзиттик эркиндик алууга шарт түзүлөрү айтылууда. Аталган темир жолду Жалал-Абадга жеткирүүгө аракет жасалары буга чейин маалымдалган. Андан ары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоору ишке ашса, түндүк менен түштүктүн темир жол аркылуу байланышуусуна шарт түзүлүп, экономикада жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болору болжолдонууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан темир жолунун узундугу 424,6 чакырымды түзүп, коңшу Казакстан менен Өзбекстандын темир жол магистралына барып кошулат.

Copyright © 2017 Maral FM