Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 19-августта «Түштүк авангарды» көргөзмөсү ачылат

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 216 | 0

19-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Түштүк авангарды» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылат. Сүрөт көргөзмөсү BILIMKANA мектептер тармагы жана TOLON MUSEUM коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

«Түштүк авангарды» көргөзмөсүнүн катышуучулары негизинен «Социалдык искусство: идентификация долбоору» көргөзмөсүнүн катышуучулары болушат. Бул көргөзмө 2021-жылдын декабрь айында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде ачылган.

Көргөзмөгө сүрөтчүлөр Улан Жалиев, Латип Камалов, Абдусамат Мырзаев, Алмасбек Самидинов, Ырысбай Төлөнов жана Исмаил Урмановдордун эмгектери коюлмкчы.

«Түштүк авангарды» көргөзмөсү 19-августта саат 15:00до Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылып, 4-сентябрга чейин уланмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM