Биз менен байланышыңыз

Өзгөндөгү жол кырсыгы: Төрт адам жандандыруу бөлүмүндө

Кыска кабар | 17 Авг 2022 | 255 | 0

Ош обусуна караштуу Өзгөн шаарында катталган жол кырсыгынан жабыркаган 13 жарандын төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Калган 9 бейтаптын абалы стабилдүү жана учурда травматология бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Абдимухтар Жумадиловдун абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эми Абдымухтар Оморов,  Икрамжан Салиев, Турсунбай уулу Улукбектин абалдары оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Кечээ, 16-августта Өзгөн шаарынын Такачы көчөсүндө эки «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жана «Дэу-Лабо» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 13 адам жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM