Биз менен байланышыңыз

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы: Окуудан өткөн мугалимдерге сертификат берилет

Кыска кабар | 15 Авг 2022 | 1255 | 0

Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө.

Окуулар үч агымда өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат:

  • Биринчи агым – 15-августтан 19-августка чейин;
  • Экинчи агым – 22-августтан 26-августка чейин;
  • Үчүнчү агым – 29-августтан 2-сентябрга чейин;

Офлайн форматтагы окутуудан кийин мугалимдер сабактарды өтө баштаса болот.

Ал эми онлайн режимдеги окуулар 23-сентябрга чейин уланат. Окууга катышкан мугалимдердин баарына мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынын графиги менен төмөндөгү ссылка менен таанышууга болот:

/media/uploads/2022/08/15/illisx.pdf

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM