Биз менен байланышыңыз

Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссиянын корутундусу

Кыска кабар | 13 Авг 2022 | 850 | 0

Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин УКМКнын тергөө абагында каза болгондугу боюнча фактыларды иликтөө боюнча комиссия ишин аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссиянын мүчөлөрүнө УКМКнын тергөө абагынын имаратына кирүүгө, кармалгандардын өздүк иштери жана көзөмөл камераларынын видеолору менен таанышууга, бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери жана изолятордо жаткан адамдар менен байланышууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Иштин жүрүшүндө 12 жыйын болуп, анын ичинен 5 отуруму УКМКнын тергөө абагында өткөрүлдү.

«УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы угулуп, Асанбаев менен Казакпаевдин камактагы учурунда байкоо камераларынын тасмалары бир нече жолу көрүлүп, ошондой эле алар менен бирге кармалгандар, чакырык боюнча келген тез жардамдын жана тергөө абагынын кызматкерлери, бул кылмыш иштерин иликтеп жаткан тергөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия Асанбаев менен Казакпаевдин күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген деген  алдын ала корутундуга келди» -деп айтылат маалыматта.

Комиссия өз корутундусунда мындай окуялар кайталанбашы үчүн зарыл болгон чараларды сунуштаган.

«Министрлер кабинети мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча убактылуу кармоочу жайларды, СИЗОлорду жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырууда.  Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», — деди комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов. 

Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси (мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 9-июнунда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилип, эртеси каза болгон.

Ал эми 18-июнда УКМКнын тергөө абагынан «Айыл Банк» ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев көз жумган. УКМК тараткан маалыматка таянып айтсак, ал түнкү саат 00:55 чамасында асынып алган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM