Биз менен байланышыңыз

Ошто сууга чөккөн жарандын сөөгү табылды

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 148 | 0

Бүгүн, 8-августта Ош облусунун Араван районунун Жаңы-Жол айылындагы Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Ак-Буура каналына 1970-жылы туулган Ж.Б. аттуу эркек киши чөгүп кеткени айтылган.

Бүгүн издөө иштерине Араван райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 19 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:30да куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM