Биз менен байланышыңыз

Жапарбек Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болду

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 440 | 0

Жапарбек Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду.

Акимдин башка буйругу менен Бердибек Иманбеков Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Ал 1973-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин «жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу» адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

1989-1991 — Кара-Суу районунун «Ленин» колхозунда жумушчу;

1993-1997 — Ош мамлекеттик университетинде комендант;

1997-2000 — Ош технологиялык университети, административдик чарба иштери боюнча проректор;

2000-2001 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысынын орун басары;

2002 — Ош мамлекеттик университети, Маркетинг жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2002-2003 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысы;

2003-2014 — Ош мамлекеттик университетинин проректору;

2014-2015 — Ош шаарынын вице-мэри;

2016-жылдын 25-апрелинен тарта Ош шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM