Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жакыр үй-бүлөлөрдүн иш баштоосуна 35 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 9 Авг 2022 | 311 | 0

Бишкек шаарында жакыр үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 35 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында эмгек министрлиги бүткүл өлкө боюнча «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашырууда.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууга өлкө бюджетинен 282 млн сом бөлүнгөн. Анын ичинен Бишкек шаарына 35 млн сом бөлүндү. Бул каражат жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын жакшыртууга көмөктөшө турган 350 бизнес долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM