Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 20 гектар эгин талаасын сел каптады

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 337 | 0

Бүгүн, 8-августта такталган маалымат боюнча, Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен, Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 гектар буудай жана беде айдоо аянтын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары «Балыкчы –Ананьево –Каракол» унаа жолунун 8-чакырымын каптап, бирок жол каттамы жабылган эмес.

Ошондой эле Сары-Камыш айылынын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан бетон шакекче менен курулган 2 көпүрөнү ар жеринен жеп жана асма лотокторду кулатып кеткен.

Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM