Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк жыл башынан бери 322,9 кг алтын куймасын сатты

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 136 | 0

Улуттук банк жыл башынан бери 322,9 кг алтын куймасын сатты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айымында, алтын бул узак мөөнөттүү инвестиция, кыска мөөнөттө баалардын олку-солкулугу жогору, жарандар утушу да, утулушу да мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров Украинадагы кырдаалга байланыштуу сомдун курсу туруктуу болбой турганын, андыктан акчасы бар жарандар алтын сатып алса туура болорун буга чейин билдирген.

Жапаровдун кеңешинен кийин алтын алууга кезекке тургандар көбөйгөнүн Улуттук банк маалымдаган.

Салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1 грамм жана 100 грамм болгон аффинаждалган куймаларды сатуу 2015-жылдын 7-майында башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM