Жыл башынан бери Улуттук банк коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө 116 текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында банктарга 51 көрсөтмө, 31 эскертүү, 13 сунуш жана төрт кат жөнөтүлгөн. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө банктарга кардарларды банктык тейлөө боюнча ишти күчөтүү, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо боюнча сунуштар берилген.
Мындан тышкары, Улуттук банк коммерциялык банктардын жетекчилери менен учурдагы кырдаалды талкуулоо жана стабилдүү иш алып баруу жана өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүү максатында дайыма жолугушууларды өткөрүп турганын кошумчалады.