Биз менен байланышыңыз

8-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Авг 2022 | 310 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 8-август түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,

Талас облусунда түнкүсүн+10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн+10…+15, күндүз +22…+27,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM