Биз менен байланышыңыз

Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларда 75 орун бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына карата чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларда 75 квота бөлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинен Өзбекстанга 30, Тажикстанга 25, Түркияга 10, Казакстан менен Кытайга бештен орун берилген. Бул квоталар «Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка ылайык берилген.

Орундардын басымдуу бөлүгү филологиялык билим алууга бөлүнгөн, ошондой эле педиатрия жана дарылоо иши боюнча да квота бар. Этникалык кыргыздар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшыра алышат.

Тапшыруу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, «Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу» бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2022-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

1 пикир

1 пикир

  1. Женишбек

    21.06.2023 02:15

    Саламатсызбы
    Мен Таджикистандагы этникалык кыргыздарданмын
    Мен кантим Таджикистандагы Кыргызыстандын элчине кайрылсам болот .

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM