Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунда тест тапшыруу үчүн төрт лаборатория иштөөдө

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 141 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунда төрт экспресс-лаборатория ишин алып барууда. Аталаган лабораторияларга коронавируска каршы анализ тапшырып, кыска мөөнөттө жыйынтыгын алууга болот.

Алар:

  • Бонецкий лабораториясы;
  • Medikana Plus;
  • AMSBIO lab;
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясы.

«Манас» эл аралык аэропорту ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда айрым өлкөлөргө ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынса, көпчүлүгүнө талап кылынбайт. Андыктан ПЧР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM