Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министри ыктыярчылар менен жолукту

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 252 | 0

Бүгүн, 4-августта Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен жолугушту. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанга АКШдан Тынчтык корпусу аркылуу 11 директор, 11 мугалим жана 11 ыктыярчы келген. Бейшеналиев ыктыярчылардын билим берүү тармагындагы эмгегин баса белгиледи.

“Биздин өлкөгө терең ишеним менен келген ыктыярчыларды жаңы багыттагы ишмердүүлүгү менен куттуктайм. Буга чейин өлкөдө иштеген ыктыярчылардын көптөгөн муундары мугалимдерди окутуу менен жаштарды өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырышты. Ошондой эле жүз миңден ашык адамга англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, жайылтууга жардам беришти”, — деди Бейшеналиев.

Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргызстанга 1992-жылдан бери, макулдашуунун негизинде Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет. Акыркы 30 жыл ичинде 1000ден ашык адам Кыргызстанда Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM