Биз менен байланышыңыз

ТИМ Тайвандагы кырдаалга байланыштуу үн катты

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 152 | 0

Тышкы иштер министрлиги Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салып, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнө тургандыгын жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

ТИМдин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстан кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй «Тайвань маселеси» боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана «бирдиктүү Кытай» саясатын колдоосун тастыктайт.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы 2-августта кечинде Тайбэйдеги Суншан аэропортуна конгон. Бул америкалык жогорку даражалуу аткаминердин Тайванга ондогон жылдардан берки биринчи сапары болуп калды. Пелоси Американын мамлекеттик башкаруу иерархиясында президент жана вице-президенттен кийинки үчүнчү адам болуп саналат. Пелосинин Тайвандагы сапары 19 саат 20 мүнөткө созулуп, анын делегациясынын учагы Тайбэй аэропортунан кечээ учуп кетти.

Пекин Пелосинин Тайванга келиши Кытайдын принцибине, ошондой эле Кытай-Америка коммюникесинде бекитилген жоболорго каршы келет деп эсептөөдө.

Тайвань учурда формалдуу түрдө Кытай Эл Республикасынын аймагы болуп эсептелгени менен, алардын көзөмөлүндө эмес. Бул эзелтен келе жаткан саясий көйгөй. Кытай Тайванды 1912-жылы түптөлгөн Кытай Республикасынын жалгыз укуктуу «мураскери» катары көрөт. Тайвань бул көйгөйдү чечүү үчүн БУУга кайрылып, көз карандысыздыкты алууну көздөсө, ал эми Кытай Тайванга Гонконг сыяктуу атайын статус берүүгө макул экенин билдирген. Бирок макулдашуу азыркыга чейин боло элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM