Биз менен байланышыңыз

Президент Ирандагы суу ташкынынын кесепетине байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 173 | 0

Президент Садыр Жапаров Иран Ислам республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик администациядан билдиришти.

«Ирандын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам өлүмүнө алып келгендиги тууралуу суук кабарды угуп, терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атыман жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Жапаровдун телеграммасында.

Эске салсак, буга чейин чет элдик басалмалар жергиликтүү бийликтерге шилтеме берүү менен Ирандын түштүгүндөгү селден 22 адам өлгөнүн жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM