Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын дубалына тартылган муралдын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дубал сүрөтү Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 30 жылдыгынын урматына борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн белек болуп саналат.
Сүрөттө бейпилдик менен ачык асман, Тянь-Шань тоосунун бийиктигинде 21-кылымдын жаңы жашыл өнүгүүсү, «Манас» эпосунун жаңырыгы Кыргызстандын тарыхына таазим катары чагылдырылган.