Биз менен байланышыңыз

Максатбек ажы Токтомушев муфтиятка тиешелүү төлөмдөрдү кайтарып берди

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 347 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына тиешелүү бардык төлөмдөрдү кайтарып бергендигин Муфтияттын басма сөз кызматы тастыктады. Бирок каражаттын суммасы ачык айтылган жок.

Токтомушев өлкөнүн муфтийлигинен 2021-жылдын 10-февралында кеткен.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2020-жылы Кыргызстанга 6000 квота бөлгөн. Анын 500ү уюштуруу штабына берилген. Ажылык сапардын баасы 3350 доллар деп белгиленип, барууну каалагандардан жалпы 18 млн 400 миң долларга жакын акча чогулган. Бирок ошол жылы дүйнө жүзүндө пандемия күч алып, сапар токтотулган. Элден чогулган акчаны муфтият «Налоговый представитель» компаниясы менен келишим түзүп, белгилүү бир мөөнөттө кайра кайтаруу шарты менен берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет муфтият ажылык үчүн топтолгон акчаны жеке каржы компанияларына берип, ай сайын пайызын алып турушканын аныктап чыккан.

УКМКнын 2021-жылдын 10-февралында тараткан маалыматына караганда, бул ишти жашыруу үчүн муфтияттын эсепчиси Жеңишбай Бекиев УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен катталып, башкы эсепчи пара берип жаткан жеринен кармалган. Аталган иш боюнча мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирүү жасап, маалыматты четке каккан.

Кийин 12-февралда Токтомушев үй камагына чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM