Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-август күнү Ак-Буура дарыясына болжол менен 50-55 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Куткаруучулар сууга түшүү эрежелерин бузуу кырсыктарга жана өлүмгө алып келе тургандыгын эскертип келишет.