Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга инсулин алып келине баштады

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 206 | 0

Кыргызстанга кант диабети менен жабыркагандар үчүн өтө зарыл болгон инсулин дарысы келе баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлда «Микстард» жана «Актрапид» дарыларынын биринчи партиялары алынып келинди. 8-августта «Протофандын» бир жылдык запасы келет. Дарылар тендердин негизинде алынууда.

Эске салсак, инсулин тартыштыгы боюнча көйгөйлөр март айында башталган. Май айында бейтаптар анын жетишсиздигине нааразы боло башташкан. Саламаттыкты сактоо министрлиги аны февраль айында тендер өтпөй калганы менен түшүндүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM