Биз менен байланышыңыз

«Шоро» эми Дубайда сатыла баштады

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 706 | 0

«Шоро» компаниясы Бириккен Араб Эмираттарынын бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун сапаты боюнча сертификатына ээ болду. Бул тууралуу компания өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Аталган сертификат бөтөлкөдөгү ичүүчү суунун жаңы техникалык стандарттарына жооп берген дүйнөлүк компанияларга берилүүчү сапатын тастыктайт.

«Эми Legend таза булак суусун БАЭнин дүкөндөрүнөн таба аласыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр менен сыймыктанып, ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликке ишенебиз! Колубуздан келет!» — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө «Шоро» улуттук суусундуктарды жана башка продукцияларды чыгаруу боюнча Кыргызстанда лидер болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM