Быйыл жети айда Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган. Ошондой эле 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган.
Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин негизинде мүмкүн болгон.