Талант Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы Элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администациядан билдиришти.
Султанов 2021-жылдын май айында Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына барган. Ага чейин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген.