Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик администациядан билдиришти.
Мирлан Арстанбаев 2019-жылдын 6-мартынан бери Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келген.
Ал эми өткөн жылдын июль айынан баштап ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы элчиси кызматын аркалаган.