Биз менен байланышыңыз

Нью – Йоркто өзөктүк куралды жайылтпоо келишими боюнча конференция башталды

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 97 | 0

Нью-Йоркто Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин X Обзордук конференциясы 1-августта башталды. Иш-чарада 100дөн ашык мамлекеттердин делегациялары, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Атом кубаты боюнча Эл аралык агенттигинин Башкы директору Рафаэль Гросси катышууда. Кыргыз делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектөөдө.

Тышкы иштер министринин орун басары Конференциянын катышуучуларына Борбордук Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимдин төрагасы катары Кыргызстандын аракеттери боюнча маалымат берди.

Анда куралсызданууну жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатпоо маселелерин ар түрдүү дегээлдеги улуттук билим берүү программаларына кошуунун маанилүү экендигин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине 2027-2028-жылдарга мүчө болуп шайланса, бул жаатта билим берүү маселеси артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калаары айтылды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Борбордук Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышуучу Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Анда келишимдин алкагында мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

1970-жылы 5-мартта «Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими» күчүнө кирген. Ага Индия, Пакистан, Израиль, Түндүк Кореядан башка мамлекеттердин баары кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM