Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:50дө толугу менен ачылган.
Кечээ, 1-августта саат 14:00гө жакын «Бишкек — Нарын — Торугарт» унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.