Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл районунда кайрадан сел жүрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Авг 2022 | 260 | 0

Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында сел жүрүп, 30 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн, 1-август күнү эртең мененки саат 6:10 чамасында башталган катуу жаан саат 7:05 ге чейин уланган. Анын кесепетинен Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында сел жүрүп, түндүк тарабындагы селди алып кетүүчү дамбанын 3 жерин сел жеп кетип, төмөндө жайгашкан Өрнөк айылынын Керимбаев, Жумаев, Турсунбай ата көчөлөрүн жана 30 турак үйдүн короолорун, «Эдельвейс» эс алуу борборунун аймагында жайгашкан кефелер менен соода түйүндөрүн сел каптаган.

Селден болжолдуу 4800 метрдей ички жолдор жараксыз абалга келген. Ал эми чоң материальдык чыгымдар катталган эмес.

Учурда селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM