Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда тамак-ашка жапырт уулануу катталды

Кыска кабар | 1 Авг 2022 | 305 | 0

Баткендин Кадамжай районундагы тойканада массалык уулануу катталды. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, 58 адам жабыркап, алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала). Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Маалыматка караганда, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн. Алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM