Биз менен байланышыңыз

Акча которуу системасы боюнча эрежеге өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 1055 | 0

Улуттук банк акча которуу системалары боюнча эрежеге өзгөртүү киргизди. «Кыргызстанда акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомго ылайык, коммерциялык банктар которулган акчаны маалымат тактасында көрсөтүлгөн накталай акча алмаштыруу курсу боюнча гана конвертациялай алышат.

Төлөм системалары башкармалыгы чечимди бир күн ичинде коммерциялык банктарга жана акча которуу системасынын операторлоруна жеткирүүгө милдеттүү.

«Акча которуу системасы аркылуу келген акчаны төлөм валютасынан башка валютага конвертациялоо мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар банктар тарабынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча гана конвертацияланат» ,  — деп айтылат маалыматта.

Бул талап банктык эсепке, төлөм картасына же банк тарабынан чыгарылган электрондук капчыкка чегерилген акча которууга да тиешелүү. Башкача айтканда, акча которууда банк кардарга акчасын накталай курс боюнча бериши керек.

Мүшөктөп ташып жатышат. Банктарда доллар тартыш

Copyright © 2017 Maral FM