Биз менен байланышыңыз

Мүшөктөп ташып жатышат. Банктарда доллар тартыш

Саясат , Экономика | 1 Июл 2022 | 2444 | 0

Кыргызстанда ички валюта рыногунда накталай АКШ долларынын тартыштыгы байкалууда. Муну ишкерлер да, Улуттук банк да айтып жатат.

Айрым жеке жана юридикалык жактар ​​накталай эмес валютаны өлкөгө алып кирип, алып сатар операцияларды жүргүзүп, Кыргызстандын банктарынан накталай акча түрүндө чыгарып жатышат.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында Кыргызстанда доллардын тартыштыгынын себептерин түшүндүрдү.

«Орусияда болгон көйгөй, накталай жана накталай эмес доллардын ортосундагы айырма бизге да таасир этип жатат. Биздин өлкөдө накталай эмес доллар көп. Биз ушул түрдө гана сатып алып, муну менен валюта рыногундагы олку-солку абалды жөнгө салабыз. Коммерциялык банктар накталай доллар үчүн чет элдик валютаны чоң көлөмдө дайыма импорттоп турушат, бирок мен айткан көйгөй бар. Мисалы, биржада курс 51 рубль болсо, алар накталай эмес долларды 53-54 рубль менен конвертация кылышат. Кыргызстанда болсо которууларды накталай доллар менен берүүсүн талап кылышат. Накталай акчаны Орусияга мүшөктөп алып чыгып жатышат, анткени бизде накталай валютаны алып чыгууга эч кандай чектөө жок», — деди Бөкөнтаев.

Накталай доллардын жетишсиздиги тууралуу парламенттин 29-30-июндагы жыйындарында айтылып, депутаттар маселени чечүүгө чакырышты. Эл өкүлү Жанарбек Акаев:

«Доллар менен иштеген ишкерлерге абдан кыйын болуп жатат. Банктар спекулянттар менен бирге иштеп жатышабы, эмне болуп жатат, билбейм, Кыргызстанга акчасын доллар менен которгондо курсту 78 сом менен эсептеп берип жатышат. Банктарда доллар жок азыр. Европада иштеп жаткан мигранттарыбыз которгон акчаны туугандары доллар менен ала албай жатат, сом менен болгондо да төмөн курс менен алып жатышат», — деп билдирди.

Депутат Дастан Бекешев валюта рыногундагы кырдаал жакшы эмес экенин айтып, Улуттук банктын жетекчисине бул абалга көңүл бурууну өтүндү.

«Банктардын жарандарга жасаган мамилеси жакшы эмес. Бул миң жолу айтылды, бирок кырдаал курчуп баратат. Белгиленген расмий курска карабай, алда канча кымбат сатып жатышат, доллар жана башка валюталарды сатуунун көмүскө базары пайда болду десек болот», — деди Бекешев.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жөнөткөн евро, долларды биздин банктар сом, рубль менен берип жатышканын көпчүлүгү айтууда. Аны Арсланбек аттуу жаран да тастыктайт:

«Түркияда доллар күндө өсүп жатат, лиранын баасы аябай түшүп кетти. Долларды бул жактан кымбат сатып алып Кыргызстанга жиберсек, доллар жок деп беришпейт, же арзан курс менен алмаштырышат. Ортодогу спекулянттардын ишиби, же кандай билбейм. Баягы эле карапайым эл азап тартып жатат».

«КР эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилет. Артыкчылыктары

Айрым ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллар бар, бирок ал сыртка чыгарылып, мисалы, Орусиядагы көмүскө базарга кымбат курс менен сатылууда.

Мындай операцияларды жүргүзүүнүн максаты: орус рубли/АКШ доллары ортосундагы курстук айырмадан ири киреше алуу. Бул Кыргызстандагы айрым банктарды эл аралык которуудан түшкөн акчаны кардарларга берүүдөн убактылуу баш тартууга аргасыз кылууда.

Ошол эле учурда валюта рыногунда накталай эмес АКШ долларынын көлөмү өсүүдө. Бул Улуттук банкты интервенцияларды жүргүзүүгө мажбурлайт.

2022-жылдын башынан тарта жалпы суммасы 131,59 млн долларды сатып алуу боюнча алты жолу интервенция жүргүзүлгөн.

Депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы ишкерлердин көйгөйүн айтты:

«Импорт-экспорттун акчасы коммерциялык банктардан болобу, же башка банктардан болобу, акчаны алып жатканда доллар менен келсе, доллар берилбей жатат, сомго которулуп берилип жатат. Сомго которулганда да Улуттук банктын курсу менен эмес, өздөрүнүн каалаган курсун коюп туруп, анан кийин ишкерлерге берип жатат. Ишкерлер ал акчаны алгандан кийин, сыртка саткан экспорттук товарларына өздөрүнүн оюндагыдай бааны ала албай жатат, ошол жерден утулуп калып жатат. Мисалы, Таласта төө буурчак саткандардын акчасы Орусиядан же башка мамлекеттен биздин өлкөгө которулганда РСК банктан эле доллар менен бер десе, бере албайбыз, сом менен беребиз деп жатат», — деди Жумабеков.

Кыргызстанда ушул күндөрү АКШ долларынын расмий курсу 79 сом. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда жана жеке банктарда 81 сомдон жогору.

Серепчилер узак мөөнөттүү болжолдо доллар дагы өсүшү мүмкүн деп эсептешет. Мамлекеттик банктарда башка, менчик банктарда башка өлчөм пайда болушуна Улуттук банк менен экономика министрин айыптап келишет.

Өлкө аймагында 2021-жылы 23 коммерциялык банк иш алып барган. Анын ичинен 16 банк чет өлкө капиталына ээ. Коммерциялык банктардын төлөнгөн негизги капиталынын жалпы суммасы — 37 млрд сом, анын ичинде чет өлкө валютасынын үлүшү — 29,2 пайыз же 10,8 млрд сом.

Жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банк системасынын таза пайдасы 2020-жылга салыштырмалуу 56,2 пайызга өсүп, 3,6 млрд сом чегинде катталган.

Ошондой эле нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу иши улантылган.

Төлөм карталарынын жалпы саны республика боюнча 10,9 пайызга жогорулап, 3,8 млн даанага жеткен, анын ичинен «Элкарт» улуттук карталарынын саны болжол менен 2,3 млн даана болгон.

Copyright © 2017 Maral FM