Биз менен байланышыңыз

«КР эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилет. Артыкчылыктары

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 610 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана имиджин жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Анын негизинде «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» наамы киргизилди.

Бул тууралуу Жапаров бүгүн, 1-июлда салык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада билдирди.

«Эми экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет», — деди Садыр Жапаров.

Президенттин маалыматы боюнча, өлкөдө  700 миңден ашуун салык төлөөчү бар, анын ичинен 3 миңге ишкер мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет. Ага кошумча ал ишкерлер жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда.

«Бүгүн биз талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнө, ишкерлерине да ыраазычылык билдире кетейин!» — деп белгиледи мамлекет башчы.

Жарлыкка ылайык:

-Министрлер кабинети 2026-жылга чейин ишкердик күн тартибин иштеп чыгат.

-салыктык башкарууну оптималдаштыруу, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүү, бажы инфратүзүмүн санариптештирүү, көзөмөлдөө функцияларын, анын ичинде лицензиялык көзөмөлдөө кыскартылат;

-ак ниет ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилет, ак ниет ишкерлердин түзүлгөн реестринин негизинде мамлекеттик сатып алууларды жана башка дем берүүчү шарттарды жүзөгө ашырууда атайын режим колдонулат;

-мамлекеттик-жеке диалогдо бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүү аркылуу ишкерлердин укуктары, кызыкчылыктары корголот;

-бизнеске өзүн-өзү жөнгө салуу функцияларын берүү жолу менен жөнгө салуу саясатын либералдаштыруу (ишкердик субъектилеринин ишине айрым мамлекеттик жана муниципалдык контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары өткөрүп берилет);

-ишкерлердин жана бизнес кылуунун беделин жогорулатуу боюнча акысыз эфирдик убакыт берүү аркылуу маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу тапшырылды;

«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери» ардак наамы белгиленип, анын ээлери төмөнкүдөй артыкчылыктарды алат:

  • Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугун;
  • аэропорттордо расмий делегациялар залдары, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу өтүүнү;
  • Президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына киргизилет;

–       Мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан милдеттүү кабыл алуу укугу берилет.

  1. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык ата мекендик компанияларга кызматтык паспорт алууга укук берилсин.
  2. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн ишкерлерди сыйлоо жана наамдарды ыйгаруу үчүн Президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү кесиптик майрамы жыл сайын өткөрүлсүн.
  3. Тиешелүү сыйлыктарды жана баалуу белектерди берүү менен эң мыкты продукцияны (сапат, бренд, жашыл технологияларды колдонуу, жаңы рынокторго чыгуу ж.б.) аныктоо максатында өлкөнүн ишкерлери үчүн үзгүлтүксүз тармактык конкурстар жана көргөзмөлөр өткөрүлсүн.
  4. Экономикалык бизнес-форумдарга катышуу үчүн ата мекендик тармактык бизнес-ассоциациялар милдеттүү түрдө тартылсын.
  5. Ата мекендик тармактык бизнес-коомчулуктардын чет өлкөлүк бизнес-делегациялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары уюштурулсун.
  6. Министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Copyright © 2017 Maral FM