Биз менен байланышыңыз

29-июлда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 533 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен жана Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Ош, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош жана Талас облустарынын тоолорунда өткүн өтөт. Ош, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM