Биз менен байланышыңыз

Президент ККМ колдонууга байланыштуу жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 941 | 0

Президент Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анын максаты, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарт түзүү.

Жарлыкка ылайык, өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзамдардын долбоорлорун киргизет. Алар:

– ККМ колдонууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн биринчи жолу мыйзам бузгандарга эскертүү түрүндөгү жаза колдонулат. Кассалык чектерди бербегендерге карата айыптын өлчөмү азайтылат. Кийинки укук бузуулар жеке жактар ​​үчүн 500 сом, юридикалык жактар ​​үчүн 5000 сом;

– күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдөн, импорттоочулардан, дистрибьюторлордон, аларды саткан субъектилерден башка соода кылгандар контролдук-кассалык машиналарды жана  электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонгон шартта төмөнкүдөй ставка белгиленет:

0,5 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомго чейин;

1 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин;

– сатуудан алынуучу салыктын ставкасы жогорулатылат:

-эгер салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы менен патент жана бирдиктүү салык боюнча иш жүргүзгөн жактар товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда 3 пайызга жогорулатылат.

-анонимдүү субъектилерге товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда 4%.

салык салуунун патенттик системасына тиешелүү иштин түрлөрүн оптималдаштырылат;

– жеке ишкерлер үчүн салык режимине карабастан, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы орточо айлык эмгек акынын 6% өлчөмүндө белгиленет. Ага тигүү жана текстиль тармагында иштегендер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага бергендер кошулбайт.

мыйзам бузган салыкчыны кызматынан бошотуунун жана дайындоонун өзгөчө тартиби киргизилет;

Мындан тышкары, ККМ, электрондук эсеп-фактуралар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу менен алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүү боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүү тапшырылды.

Төмөнкүлөр контролдук-кассалык машиналарды колдонуудан бошотулат:

– көчмө соода жүргүзүү жайларда, киосктордо жана ларектордо гүл өстүрүүчүлүк, айыл чарба продукциялары, нан азыктары, улуттук жана сергитүүчү суусундуктар менен көчөдө соода жүргүзгөн жеке жактар;

– окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде иш жүргүзгөн коомдук тамактануу субъектилери.

ККМди техникалык тейлөө борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Ошондой эле ККМди колдонууну окуткан кызматтар акысыз болот.

Улуттук банкка коммерциялык банктарды Мамлекеттик салык кызматына ККМ функциялары бар POS-терминалдарды милдеттүү түрдө колдонууга өткөрүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү сунушталат.

2022-жылдын 27-июнуна карата 50 307 контролдук-кассалык машина катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе көп.

Copyright © 2017 Maral FM