Биз менен байланышыңыз

Мектеп директорлорун тандоо сынагы Баткенден башталат

Кыска кабар | 28 Июл 2022 | 1930 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 11-12-августта Баткен мамлекеттик университетинде облустун мамлекеттик жана муниципалдык мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жүрөрүн кабарлады.

Жалпы 98 бош орун бар, тандоо үч нөөмөт менен өтүп, ар биринде 80 адамдан болот.

Андан соң 19-20-август күндөрү Чүй облусунда талапкерлерди сынактык тандоо өткөрүлөт. Бош орундардын саны 146, тандоо үч нөөмөт менен 100 адам болот.

22-августка Талас облусунда тестирлөөнү өткөрүү пландалууда.

Мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак Талас облусунда өткөрүлгөн.

Баткен облусунун мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жүргүзүү

Copyright © 2017 Maral FM