Биз менен байланышыңыз

«Центерра» «Кумтөр» боюнча Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын жактырды

Кыска кабар | 26 Июл 2022 | 874 | 0

Министрлер кабинети жана канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 25-июлда кезексиз жыйынга чогулган. Анда «Кумтөр» алтын кени боюнча өз ара дооматтарды жөнгө салуу жөнүндө Кыргызстан менен макулдашуунун шарттары бекитилди.

Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, «Кумтөрдү» кыргыз тараптын толук көзөмөлүнө өткөрүп берүү боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды.

Түзүлгөн макулдашуу төмөнкүдөй пункттарды камтыйт:

«Кумтөр» кени толугу менен кыргыз тараптын көзөмөлүнө өтөт. Кыргыз тарап 2021-жылдын 15-майынан тарта алынган бардык пайданы өзүндө калтырат.

Мындан тышкары, Centerra Gold Inc. 11 млн АКШ долларына жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет.

50 млн доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.

Ошондой эле 53 млн доллар өлчөмүндөгү рекультивациялоо фондун башкаруу да Кыргызстанга өткөрүлүп берилет.

Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында жеткирилген алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөтүү жөнүндө талаптан баш тартат. Кыргыз тарапка каршы АКШда, Швецияда жана Канадада демилгеленген бардык сот процесстерин токтотот.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде элге кайрылуусунда «Кумтөр» кенин Кыргыз Республикасына кайтарылганын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM