26-июлга караган түнү Ош шаарында жол кырсыгынан үч жаран мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Оштун Г.Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, темир мамычаны сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү окуя болгон жерде көз жумган.
Алар:
Р.Д.В. 1982-жылы туулган, Г.А.И. 1975-жылы туулган, Б.В.О. 1986-жылы туулган. Баары Орусиянын жарандары экени айтылды.